АСИПОВА Нурбүбү Асаналиевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСИПОВА Нурбүбү Асаналиевна (3. 2.1946-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн (1969). Балыкчы шаарында англис тили мугалими, кийин КУУнун педагогикалык кафедрасында окутуучу (1971–2001), 2001-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенет. 100гө жакын илимий-педагогикалык эмгектин автору. Анын ичинде монография, методикалык колдонмо, окуу программалары бар.
Эмг.: Научно-педагогические основы формирования культуры межнационального общения школьников. Б., 1994.