АСБЕСТ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСБЕСТ КЕНТАШТАРЫ – асбесттин өлчөмү, буласынын узундугу технологиялык иштетүүгө мүмкүндүк берген жана экономикалык жактан казып алууга арзырлык табигый чогундусу. Минералдык курамы боюнча – хризотил-асбесттүү (табиятта көп таралып, кеңири пайдаланылганы) жана амфибол-асбесттүү (крокидолиттүү, амозиттүү, антофиллиттүү, режикиттүү, родуситтүү ж. б.) кенташтарга (рудаларга) бөлүнөт. Кендин сапаты минералдык курамынан сырткары отко, кислотага жана жегичтерге туруктуулугу ж. б. касиеттерин аныктаган, асбест буласынын узундугу жана бышыктыгы, проценттик өлчөмү боюнча да бааланат. Россия өндүрүштөрүндө буланын минималдуу узундугу 0,5 ммди, чет өлкөлөрдө – 0,25 ммди түзөт. Кенташта орто булалуу жана кыска булалуу сорттору үстөмдүк кылат. Узун булалуу (текстилдик) сортторунун үлүшү кыйла төмөн. Бышыктык касиети боюнча – нормалдуу (чоюлуу бышыктыгы 300 кг/мм² чейин), жарым-жартылай морт (300–220 кг/мм2) жана морт (220–110 кг/мм2) асбест болуп бөлүнөт. Запасынын өлчөмү боюнча: ири – 5 млн тдан (хризотил-асбест) жана 500 миң тдан ашык (амфибол-асбест), орточо – 5–0,5 млн т (хризотил-асбест) жана 500–50 миң т (амфиболасбест), чакан – 0,5 млн т (хризотил-асбест) жана 50 миң тдан аз (амфибол-асбест) кендерге ажыратылат. Асбест буласынын дүйнөлүк чалгындалган запасы 223,4 млн т (21-кылымдын башталышы), анын ичинде хризотил кенташтарында топтолгону 220,5 млн т, калганы – амфибол тектеринде. Хризотил-асбестин ири запасы – Россияда (Баженов кени, Уралдагы Киембай, Забайкальедеги Молодежный), Канадада (Асбестос – 5 млн тдан ашык; Кинг-Бивер – 3,2 млн т ж. б.), Казакстанда (Жетигара кени ж. б.), Кытайда, ТАРда бар. Асбест кенташтарынын дүйнөлүк өндүрүмдүүлүгү (21- кылымдын башталышында) 2,5 млн т була (96% хризотил-асбест).