АСАФЬЕВ Борис Владимирович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСАФЬЕВ Борис Владимирович [(псевдоними – Игорь Глебов), 17(29). 7. 1884-жыл, Петербург шаары – 27. I. 1949-жыл, Москва шаары] – орус музыка изилдөөчүсү, композитор, педагог. СССР Илимдер академиясынын академиги (1943), СССРдин эл артисти (1946). Петербург университетин (1908), Петербург консерваториясын бүткөн (1910). 1919–1930-жылдары Ленинград искусство тарыхы институтунда иштеген. 1925-жылдан Ленинград консерваториясында профессор. Москва шаарында 1943-жылдан баштап эмгектенген. Б. Асафьев – орус жана чет өлкөлөрдүн музыкалык маданияты, музыка теориясынын маселелери боюнча илимий эмгектердин жана сын макалалардын автору. Советтик композиторлордун Бүткүл союздук

АСАФЬЕВ 81.png


1-съездинде (1948) СССР композиторлор союзунун председатели болуп шайланган. 11 опера, 28 балет, 4 симфония, бир нече романс, камералык-аспаптык жана башка чыгармаларды жазган. Белгилүүлөрү: «Париж жалыны» (1932), «Бахчисарай фонтаны» (1934), «Кавказ туткуну» (1938). Б. Асафьев СССР мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (1943, 1948). Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Tyy ордени менен сыйланган.