АСАНОВ Абыт

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВ Абыт (2. 9.1952-жылы туулган, Ош облусу, Hooкат району, Өсөр айылы) – математика боюнча адис, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (1998). КМУну (1974), Новосибирск университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1983). KP УИАнын математика институтунда илимий кызматкер (1974-78), лаборатория башчысы (1983-98), 1999-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде профессор. 108ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы, 5 окуу китеби жарык көргөн. Эмгектери негизинен математиканын корректүү эмес маселелер тармагын изилдөөгө арналган.