АРЧАЛЫ ЯШМА КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЧАЛЫ ЯШМА КЕНИ Нарын облусунда, Кең-Саз кыштагынан 21 км чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун жонунда, деңиз деңгээлинен 3226 м бийиктикте. 1964-жылы табылып, 1972–73-жылдары геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон сланецтер түзүп, алардын арасында катмар түрүндө яшма жанa кремнийлүү тоо тектин катмарчалары жатат. Яшма негизинен ачык кызыл түстө болуп, арасында ак, боз жанa кызгылт көк түстөгүлөрүнүн жука кабатчалары жанa линзалары кезигет. Яшма кабатынын калыңдыгы 10 м, узундугу 12–15 м. Жаракалуу таш блоктордун өлчөмү 20x20x25 смге жетет. Яшманын арасында темир-марганецтүү тоо тек катмарлары бар. Алар кара, кызыл, күрөң түстөрдөгү жука тилкелерден түзүлүп, булардын айкалышында өтө кооз оймо-чийме байкалат. Айрыкча толкун сымал чийиндер өтө кооз көрүнөт. Бул катмарлардын калындыгы 2–7 м, узундугу 75 м. Чыккан блоктордун өлчөмү 15x15x20 см. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жалтырап калат. Болжолдуу ресурсу 2700 м3, кремнийлүү тоо тектики – 15000 м3.