АРХЕТИП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРХЕТИП (гр. arche – башат, tupos – үлгү, элес) – тектештирме-тарыхый тил илиминде кийинки түзүлүштөр үчүн баштапкы форма. Архетип тектеш тилдердеги мыйзам ченемдүү шайкештиктердин негизинде калыбына келтирилет. Архетип бир катар тилдердеги реалдуу структуралык элементтерди салыштыруунун натыйжасында алынган теориялык жактан ыктымал форма болуп саналат. Архетип катары тилдик түрдүү бирдиктер жана структуралар – лексема, негиз, уңгу, морфема, фонема, атүгүл сүйлөмдөр да алынат.

С. Мусаев