АРХАИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРХАИКА (гр. archaikos – эски, байыркы) тарыхый өнүгүштө кандайдыр бир кубулуштун алгачкы этабы. Искусство илиминде байыркы грек архитектурасы менен сүрөт өнөрүнүн алгачкы мезгили (б. з. ч. 7-6-кылымдар). Бул доордо грек архитектурасы, курулушу жана маданияты тез өсүү менен шаар куруу принциптери, турак үйлөрдү жана коомдук имараттарды салуу, көркөм жасалгалоо өнүккөн. Мисалы, Хеопсанын, Хефрен жана Милесанын зор пирамидалары, Ауксор менен Карнактын жана Афиныдагы Парфенон, Эрехтейон храмдары ж. б. Археологиялык изилдөөлөрдө Кыргызстанда табылган байыркы жана орто кылымга таандык тиричилик, жасалга, курулуш буюмдары да архаикага кирет.