АРТЫКБАЕВ Мелс Табалдиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРТЫКБАЕВ Мэлс Табалдыевич (29. 12. 1939- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы -- 5. 2022, Бишкек) – философ, философия илимдеринин доктору (1986), саясат таануу илимдеринин доктору (2006), профессор (1988), KP УИАнын корреспондент мүчөсү (2010). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1994), 1967-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1967-71-жылдары ФПИде окутуучу, 1973–82-жылдары КМУда улук окутуучу, доцент, 1982–94-жылдары илимий коммунизм жана саясат таануу кафедрасынын башчысы (1982–87), 1994-жылдан философия факультетинин деканы. 270ден ашык илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография) автору. Анын эмгектери саясат таануу теориясына, проблемаларына, улут арасындагы мамилелерди изилдөөгө багытталган.
Эмг.: Политическая система в «открытых» и «закрытых» обществах. Б., 1998; Политология (наука о политике и власти). Б., 1999.