АРТИКУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРТИКУЛЯЦИЯ – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө артикуляция маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: I) легато – бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи үнгө өтүшү; 2) стаккато – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто – бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо менен өтүү; 4) глиссандо – бир үндөн экинчи үнгө тез өтүү.