АРСТАНБАП ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРСТАНБАП ӨРӨӨНҮ – Жалал-Абад облусундагы табигый кооз аймак. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан орун алган. Базар-Коргон районунун аймагында, Жалал-Абад темир жол бекетинен 60 км түндүк-батыш тарапта. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1400–2000 м. Жеринин бети дөбө-дөңсөөлүү, белестүү келип, айрым жери түзөң тартып кетет. Өрөөндүн төрүндө тар капчыгай, корум таш жана палеозойдун акиташ тектүү массивдери бар. Мезозойдун жана палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик. Түндүктөн соккон муздак абаны Бабаш-Ата кырка тоосу тосуп калгандыктан кышы жумшак, кар арбын жаайт; январдын орточо температурасы –3°С. Жаз эрте келип, жаан-чачындуу. Жайында Фергана өрөөнү тараптан соккон керимсел шамалдын таасири жокко эсе, салкын; июлдун орточо температурасы 20°С. Күзү жылуу, көбүнчө күн ачык болот. Жылдык орточо жаан-чачыны 1000 ммдей; көбү март, май айларында жаайт. Жылдык орточо салыштырмалуу нымдуулугу 54%. Күн тийүү узактыгы жылына 2800 с. Кыртышында чириндиге бай каралжын-күрөң топурак басымдуу. Арстанбап өрөөнү – дүйнөдөгү кайталангыс эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари,алма ж. б. мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, ит мурун, асамуса, кара март, ыргай ж. б. өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Cyy боюнда терек, тал, чычырканак, балгын ж. б. ээлейт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, ак чечек,кайың, шилби, табылгы ж. б. кездешет. Toкойду калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында жаңы көчөттөр отургузулууда. Өрөөн аркылуу Арстанбап суусу агат. Жер бетине чыгып турган акиташ тектүү массивдер майда сууларды бөгөп, шаркыратмаларды пайда кылган (к. Арстанбап шаркыратмалары). Жаныбарлардан аюу, доңуз, карышкыр, суусар, кашкулак, элик, тоо эчки; канаттуулардан улар, кекилик, чил ж. б. көп кездешет. Арстанбап өрөөнүндө Гүмкана токой чарбасы бар, анда жаңгак, мөмө-жемиштер (алма, алча ж. б.) жыйналып мамлекетке тапшырылат. Арстанбаптын таза абасы климаттык терапияга жана адамдардын эс алуусуна ыңгайлуу. Арстанбап кыштагынан 8 км түштүк-батыштагы көлдүн акваториясында дары баткактын кени бар; 1975–77-жылдары чалгындалган; запасы 20 миң м3. Арстанбап кыштагына жакын пансионат (500 орундуу), ден соолукту чыңдоочу спорттук лагерлер иштейт. Арстанбап кыштагында 16–18-кылымдарга таандык архитектуралык эстелик – Арстанбап күмбөзү бар.
Ад.: Лавренко Е. М., Соколов С. Я. Растительность плодов, лесов и прилагающих районов Южной Киргизии // Плодовые леса Южной Киргизии и их использование. М., Л.,1940; Орехово-плодовые леса Юга Кыргызстана. Б., 1992; Бараталиев Ө. Фергана тоо тизмегинин Түштүк-Батыш капталынын табиятынын өзгөчөлүктөрү жана анын геоэкологиялык абалы. Б., 2002.

Ө. Бараталиев.