АРОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРОН Раймон (14. 3. 1905, Париж – 17. 10. 1983, ошол эле жерде) – француз философу, социологу жана публицисти, «бирдиктүү индустриалдык коом» жана деидеологизация концепциясынын авторлорунун бири. Өзүнүн философиялык-социалдык эмгектеринде салыштырмалуу-тарыхый анализге таянып, «социалдык индустриялаштырууну» же «технологиялык детерминизм» концепцияларын колдонуп, «индустриалдык коом» теориясын өнүктүргөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өнүккөн өлкөлөрдөгү өндүрүштү, керектөөдөгү олуттуу өзгөрүүлөрдү баалоо аркылуу автоматташтыруунун, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн өсүшүнүн натыйжасында келип чыккан «жаңы өнөр жайлык көңтөрүш» катары аныктоого аракет жасаган. Ал өнүктүргөн «индустриалдык коом» теориясына окшош «элдик капитализм», «гумандуу экономика», «баары жыргаган мамлекет» түшүнүктөрү келип чыккан.
Г. Т. Ботоканова.