АРМИРЛЕНГЕН АЙНЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРМИРЛЕНГЕН АЙНЕК– калыптоодо тулкусуна металл торчосун кошуп пресстеп жасалган силикат айнек такта. Имараттын жарык оюктарын жана жабуусун, жарык өткөрүүчү тосмосун, үй тепкичинин, лифт шахтасынын тосмолорун ж. б. айнектөөгө колдонулат. Үзгүлтүксүз жаюу ыкмасы менен даярдалат. Ал урганда же өтө ысыганда чачырап кетпейт. Кескенде же сындырганда жарака пайда болбойт. Армирлөө үчүн диаметри 0,35-0,45 мм зымдан жасалган тор ширетилет. Бул айнектин жарык өткөрүү жөндөмдүүлүгү 65 %тен кем эмес.