АРИСТОКСЕН
АРИСТОКСЕН Тарентский (б. з. ч. 360, Таранто - б.з.ч. 300, Греция, Афины) – байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетиктер мектебинин өкүлү. Ал «Гармониянын элементтери», «Ритмиканын элементтери» эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетиктердин окуусу менен бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка жана ритм жөнүндө байыркы спекулятивдик математикалык окууну түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу аркылуу, көп кылымдар бою искусствого таасирин тийгизген, музыкага киришүү синтезин түзгөн жана жандын, дененин байланышын музыкалык гармония, лиранын катыштары менен салыштырган. Аристоксен – философтордун таржымалын же пифагорчулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн бири. Анын көз караштары азыркыга чейин талкууланып келет.