АРЗИЕВ Жоромамат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЗИЕВ Жоромамат (1949-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Тайгараев кыштагы) – техника илимдеринин доктору (2013). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). 1970-жылы ОМПИни бүтүргөн. Эмгек жолун Ю. А. Гагарин атындагы орто мектепте (Сузак району) мугалим болуп баштаган. ОМПИде улук лаборант, ОшТУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, КР УИАда лаборатория башчысы, институттун директорунун илим боюнча орун басары, директору. Арзиев 113 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын автору.