АРЕАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЕАЛ (латынча area – аянт, мейкиндик) – жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн белгилүү түрү, уруусу жана тукумунун жер бетинде таралган аймагы. Андагы түр ошол аймактын бардык жеринен кездешсе – т у т а ш, аймакта түрлөр топ-топ болуп бөлүнүп кездешсе – үзгүлтүктүү ареал деп аталат. Ареалдын аянты ар түрдүү, мисалы, ай­рым түрлөр чакан аянтта (тоо чокусу, арал, капчыгай, көл) гана, башкалары өтө кеңири таралып, бир нече материкте, аймакта жашайт. Кээ бир түрлөр (дан өсүмдүктөрү, таранчылар) Жер шарынын бардык булуң-бурчунда тарал­ган. Булар космополиттер деп аталат. Аны үйрөнүү фауна менен флораны аныктоодо чоң мааниге ээ. Ареалды изилдөө картага түшүрүү менен жүргүзүлөт.