АРБАЛЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРБАЛЕТ- (фр. Arbalete, лат. arcus – жаа, ballista – атуучу курал) – тептирге тартылган жаанын потенциалдык энергиясын колдонуп, жебе, таш менен атуучу курал. Анын атуу аралыгы 50–150 м'. Ал болжол менен б.з.ч. 4-кылымда Кытайда жасалган, Байыркы Грекияда «гастрофет» деген ат менен белгилүү болгон. 10–16-кылымдарда Европада согуштук Арбалеттер колдонулган. Арбалет жаясы (уз. 1 м) ар кандай жыгачтан, сөөктөн, 15–16- к-да атайын механизм менен атылуучу Арбалеттин жаасы болоттон жасалган. Мындай Арбалеттин сокку күчү 300–500 0 кг болуп, жаа зоот кийимдерди оңой тешкен. Ошондой эле таш жана чоң жебе атуу үчүн жаасы 1,5–2 2 м Арбалет пайдаланылган. Акыркы убак­та Арбалет аңчылык жана спорттук болуп бөлүнөт. Алардын сокку күчү 35–70 кг.