АРБАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРБАК (ар. – рух, жан) – эл ишениминде өлгөн денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам «жаны». Денеден бөлүнүп чыккан «жан» (киши өлгөндө) «тиги дүйнөдө» жашоосун улантат деген ишеним Арбакка ишенүү, аны ыйык саноо, алардан жардам сурап кайрылуу ишенимин пайда кылган. Ата-бабанын Арбагын ыйык эсептеп урматтоо расмиси түрк, монгол элдеринде, анын ичинде кыргыздардын арасында да байыртадан кеңири тараган. Кыргыз коомунда Арбактарга сыйынууга өзгөчө орун, маани-маңыз берилген. Арбакка ишенүү жана аларга арнап курмандык чалуу ырым-жырымдарын өткөрүү кыргыздарда исламга чейин эле белгилүү болгон, аны байыркы жана орто кылымдардагы өлүк коюу жөрөлгөсүндөгү өлгөн кишинин мүрзөсүнө «тиги дүйнөдө» керектейт максатында тамак-аш, урунган буюмдарын кошо коюу салтынан көрүүгө болот. Бул түшүнүк бүгүнкү күнгө чейин сакталып, Aрбакты эскерип, куран түшүрүү, кырк-ашын өткөрүү, курмандык чалуу сыяктуу ырым-жырымдар аткарылат (к. Аш, Жан макалаларын). Арбактарга сыйынуу диндин алгачкы формаларынын бири. Ал энелик (матриархат) уруктук коомдо өнүккөн. Уруулардын башчыларына көзү тирүүсүндө эле Кудай катары сыйынышкан, алардын ата-бабалары өзгөчө күчкө ээ деп түшүнүшкөн (Полинезия, Түштүк Азия, Батыш Африка). Байыркы гректердин, римдиктердин, славяндардын ж. б. элдердин политеистик диндеринде Арбак көрүнүктүү орунду ээлеген.