АРАП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАП – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл аймагына караштуу. Район­дун борбору Араван кыштагынан 13 км түндүк тарап­та. Ош темир жол бекетинен 45 км. 19-кылымдын аяк ченинде отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 486 (2022); не­гизинен пахтачылыкта, пиллачылыкта, багбанчылыкта эмгектенет. Пахтаны кайра иштетүүчү кичи завод, орто мектеп, китепкана бар.