АРАЛЧА ТООЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛЧА ТООЛОР – жазы түздүктөрдө жалгыздап же топ болуп обочо жайгашкан тоолор же ири дөңсөөлөр. Салыштырмалуу бийиктиги 100дөн 1000–2000 мге чейин. Бийик тоолуу аймактын узак убакыт бою талкаланышынан (кээде жанар тоонун атылышынан да) пайда болот. Алар климаты кургакчыл, тектоникалык жактан туруктуу аймактарга мүнөздүү. Мындай тоолор Кыргызстанда орток тоо, жетим тоо деп аталат. Мисалы, Түштүк Кыргызстандагы Сулайман-Тоо, Чил-Майрам, Ат-Башыдагы Чеч-Дөбө, Кочкордогу Орток-Too ж. б.