АРАЛ кыштагы Манас району

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ – Талас облусунун Манас районундагы кыштак. Кайыңды айыл округунун борбору. Райондун борбору Покровка кыштагынан 16 км, Жамбыл темир жол бекетинен 86 км. Деңиз деңгээлинен 1118 м бийиктикте жайгашкан. 1928-ж. отурукташкан. Калкы 1719 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, белгилүү Кыргыз эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин фольклордук-этнографиялык музейи, китепкана, маданият үйү, автоматташтырылган телефон станциясы, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, кыш заводу, айылга жакын гранит кенинин карьери бар.