АРАГОНИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАГОНИТ (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геологиялык тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жа­шыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5–4. Салыштырма салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында жана минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер менен акактардын көпчүлүк бөлүгү арагониттен турат.