АРАБ ХАЛИФАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ХАЛИФАТЫ– халифтер (орун басар) башкарган араб-мусулман мамлекеттеринин Европа элдериндеги аталышы. Араб халифаты 7-кылымдын башында Мухаммед Батыш Аравияда түзгөн мусулман жамаатынын (Умма Мухаммадийа) негизинде түзүлүп, алгачкы халифтер Абу Бекр (632–634), Омар (634–644), Осмон (644–656) жана Али ибн Абу Талиб (656–661) мусулман жа­маатынын эрки менен шайланышкан. Алар бийлик жүргүзгөн мезгилдерде Араб халифаты ири империяга айланган. Халифаттын алгачкы борбору Меди­на шаары болгон. Арабдардын жеңип алууларынын натыйжасында Араб халифатынын курамына Араб жарым аралынан тартып Ирак, Иран, О. Азия, Сирия, Палестина, Египет, Түндүк Африканын, Закавка­зье менен Пиреней жарым аралынын көп бөлүгү, Синдди камтыган кеңири аймактар каратылган. Төртүнчү халиф Алинин өлүмүнөн кийин халифатта бийлик Омеяддар династиясынын өкүлү Муавияга өтөт. Ушундан тарта халифти шайлоо жолу менен бийликке келүүсү токтотулуп, династиялык башкаруу орнотулат. Муавия өлкөнүн борборун Дамаскка көчүрөт. 685-жылы бийликке келген халиф Абд ал-Маликтин тушунда араб тили халифаттын расмий тилине айланып, анын курамындагы мамлекеттерде иш кагаздары араб тилинде жүргүзүлө баштаган. Мамлекеттин аймагынын чоңдугунан халифаттын курамына кирген облустар халиф тарабынан дайындалган атайын өкүлдөр тарабынан башкарылган жана халифтерге мыкты кызмат өтөгөн айрым провинциялардын башкаруучулары да бийликти мурастоого укук алышкан. Кээ бир аймактарда диний жана этникалык карама-каршылыктар сепаратизмдин башталышына шарт түзүп, бийлик жергиликтүү эмирлер менен султандардын колуна өткөн жана Тунисте, Египетте, Чыгыш Африкада жана Орто Азияда жергиликтүү династиялардын түзүлүшүнө алып келген (Сасаниддер, Тулуниддер, Тахириддер, Аглабиддер, Саманиддер, Буиддер ж. б.). Омеяддардын бийлиги ич ара чатактардын натыйжасында кулатылып, 750-жылы Абу Муслим жетектеген козголоңдун натыйжа­сында Омеяддардын акыркы башкаруучусу Мерва II өлтүрүлүп, принц Абд ар-Рахман Андалуска (Испания) качып кетип, ал жакта Кордова эмиратын негиздеген. Бийликке келген Аб-ульАббас Саффах Аббасиддер династиясын негиз­деген. 929-жылы Испаниядагы Омеяддардын акыр­кы өкүлү Абд ар-Рахман III өзүн халиф деп жарыялап, Кордованы халифаттын борбору деп жарыялаган. Ошентип, Омеяддардын Кордова жана Аббасиддердин Багдад халифаттарынын ар бири ислам дүйнөсүндө мыйзамдуу жогорку бий­ликке ээ болууга аракеттенген. 972-жылы Фатимиддер династиясынын (909–1171, Түндүк Африкада, борбору Каир) негиздөөчүсү Убайдаллах да ха­лиф жана махди титулун алган. Аббасиддер ха­лифаттын борборун Багдадга көчүрүп (айрым адабияттарда Багдад халифаты деп аталган), алар­дын тушунда Араб халифаты Чыгыштагы борборлоштурулган ири державага айланып, Аббасиддер­дин доору – мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын гүлдөгөн мезгили болгон. 1258-жылы Хулагу жетектеген монгол аскерлери Багдадды алып, Аббасиддердин акыркы өкүлү халиф Мустасимди өлтүргөндөн кийин Араб халифаты өз алдынча мам­лекет катары жоюлган. Аббасиддер Египетке ка­чып барып, Каирде башкарышкан. 1517-жылы халифтин укугу Осмон түрктөрүнүн султандарына өткөн.
Ад.: Бартольд В. В., Теоретическая идея и светская власть в мусульманском государстве, в кн.: Соч., т. 6, М., 1966; Беляев Е.' 'А., Арабы, ислам и арабский хали­фат в раннее средневековье, 2 изд., М., 1966; Мец А.,' Мусульманский Ренессанс, пер. с нем., М., 1966; Босворт К. Э. Мусульманские династии, пер. с англ., М., 1971.
А. Орозов.