АРАБ-ИЗРАИЛЬ СОГУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАБ-ИЗРАИЛЬ СОГУШТАРЫ– Израиль менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы 1948–49, 1956,1967, 1973 жана 1982-жылдарда болгон аскердик кагылышуулар. 1947-жылы 29-ноябрда Палестинага Англиянын мандатын токтотуу, Палестина аймагында араб жана еврей мамлекеттерин түзүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими кабыл алынган. Бул резолюцияны таануудан баш тарткан соң, арабдар менен еврейлердин ортосундагы алгачкы кагылышуу болуп өткөн. Ошол кезде (1947) Палестинада 1,2 млн араб, 650 миң еврей жашаган. Палестинадан Англия­нын аскерлери чыгарылып кеткенден кийин Израиль мамлекетинин түзүлгөндүгү жарыяланды (14. 5. 1948). Анын чек арасы аныктала электе эле эртеси еврейлер менен арабдардын ортосунда куралдуу кагылыштар башталган. Араб өлкөлөрү Израилге басып кирген, бирок ал өз көз карандысыздыгын сактап калган. Еги­пет, Трансиордания, Ирак, Сирия жана Ливандын аскерлери Палестинадагы аймактарды басып алган. Израилдиктер тарабынан Иерусалимге баруучу жолго жана Египет – Палестина чек арасын бойлото көзөмөл орнотулат (1949). БУУ­нун Коопсуздук Кеңешинин согушту токтотуу боюнча аракеттери оң натыйжа берген жок, еврей террорчулары тарабынан БУУнун атайын өкүлү граф Фольк Бернадотт өлтүрүлөт. 1949-жылдын февраль – июль айларында араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосундагы алгачкы жарашуу келишимдерине кол коюлуп, анын шарттары боюнча Израилдин убактылуу чек арасы аныкталып, Газа аймагы Египеттин көзөмөлүнө калтырылган. Трансиордания Иордан дарыясынын батышындагы жерлердин бир бөлүгүн кошуп алып, Иорда­ния аталат. Иерусалим шаарын араб жана еврей аймактарына бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими (29. 11. 1947) кабыл алынат. Согуштун жыйынтыгында Палестина арабдары Израиль басып алган жерлердеги ата конуштарын таштап кетүүгө аргасыз болот. 50-жылдардын ортосунда Египет менен Батыш өлкө­лөрүнүн ортосундагы мамилелер кайрадан татаалдашат. АКШ Египетке экономикалык кысым көрсөтүү максатында Асуан плотинасын курууга каражат берүүдөн баш тарткан. Ага жооп иретинде Египеттин президенти Гамаль Абдель Насер Суэц каналын мамлекеттештирген. Ошондон кийин Лондондо жыйналган 22 мамлекеттин өкүлдөрү Суэц каналынын мурдагы эл аралык статусун калыбына келтирүү жана каналды биргелешип башкаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Насер бул чечимди аткаруудан баш тарткандан кийин Израиль, Улуу Британия жана Франция аны бийликтен күч менен четтетүүгө аракеттенген. 29-октябрда Израиль аскерлери Египеттин Синай жарым аралындагы аймактарга чабуул жасаган. Согушка Израиль тарабында Улуу Британия менен Франция аралашат. 31-октябрда англис-француз куралдуу күчтөрү Египетти бомбалайт. 5-ноябрда англис-француз аскерлери Порт-Саид портуна түшүрүлөт. Агрессия БУУнун Генерал­дык Ассамблеясында чечкиндүү айыпталып, СССР жетекчилиги «агрессорлорду күч колдонуу менен талкалоого» даяр экендиги тууралуу билдирүүсү жана АКШ администрациясынын да баскынчылардын мындай аракетин колдобогондугу Францияны, Улуу Британияны (22. 12. 1956) жана Израилди (8. 03.1957) Египеттен өз аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз кылды. Израиль - египет чек ара тилкесине БУУнун аскерлери жайгаштырылды. Арабдар менен Израилдин ортосун­дагы кагылыштар 1967-жылы жаңы согушка алып келген. Бул тарыхка «алты күндүк согуш» де­ген ат менен кирген. 1967-жылы 5–11-июнда Израиль көптөгөн араб кыштактарын кыргынга учуратып, Египет, Сирия жана Иорданиянын 1,5 млн тургуну бар 66 642 км2 жерин, Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн алты күндө басып алган. Араб өлкөлөрү АКШ менен Улуу Британияга нефть сатууну токтотуп, Суэц каналын жапкан. СССР Израиль менен дипломатиялык байланыштарын токтоткон. Араб өлкөлөрүнүн башчыларынын Хартумдагы (1967) кездешүүсүндө, БУУнун Генералдык Ас­самблеясынын сессиясы Израилден куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылган. Из­раилдин басып алган жерлерди бошотпоосу, нефтинин дүйнөлүк саясаттын куралына айланышы арабдар менен еврейлердин ортосундагы мамилелерди татаалдатат. Нефть өндүрүүчү жети араб өлкөсү Израилге жардам бергендиги үчүн АКШ менен Голландияга нефть сатууга эмбарго жарыялап, баасын кескин көтөргөн. Египет менен Сирия СССРдин жардамы менен аскерлерин куралдандырган, Израиль АКШдан курал-жарак алган. 1973-ж. башталган үчүнчү согушта Египет аскерлери Суэц каналынан өтүп, сириялыктар Голан бийиктигинде жеңишке жетишкен. Израилдиктер контр чабуулга өтүп, Египет­тин коргонуу чептерин бузуп, Каирге бет алган, сириялыктарды 30 кмге чейин чегинүүгө арга­сыз кылган. АКШ менен СССРдин кийлигишүүсү менен Египет, Сирия жана Израиль ортосунда келишимге кол коюлуп (1978), анын аткарылышын контролдоо БУУнун күчтөрүнө ташпырылган. Египет 1967-жылы согушта айрылып калган Синай жарым аралын Египеттин жаңы президенти Анвар Саадаттын Израиль менен түзгөн Кэмп-Дэвид келишимдеринин натыйжасында гана кайтарып алган (1982). Израиль аскерлери Синай жарым аралынан чыгарылып кеткен соң, Израиль менен палестиналык арабдардын куралдуу отряддарынын ортосундагы кагылышуулар жаңжалдын очогуна айланган. 1982-жылы Израиль вертолеттору Бейрутту жана Палестина боштондукка чыгаруу уюмунун базалары жайгашкан Ливанды бомбалаган. Израиль аскерлери Ливанга басып кирип, Бейрутту курчоого алган. Бул согушта да Израиль аскерлери эл аралык күчтөрдүн талабы менен чыгарылды (1985). Андан кийин да Израиль басып алган жерлерде (1987-жылдын 9-декабрында) бир нече кандуу окуялар болуп өткөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) лидери Ясир Арафат Израилдин куралдуу күчтөрүнө жана полицияга каршылык көргөзүүнүн жаңы формасы – интифаданы жарыялады. 1993-жылы Израиль менен ПБЧУнун ортосундагы макулдашууга ылайык, ПБЧУнун куралдуу аракеттерин токтотуу шарты менен Иордан дарыясынын батыш жээгин жана Газа секторун палестиналыктарга өткөрүп берүү тууралуу макулдашылган. Ливандагы Израиль куралдуу күчтөрүнө каршы күрөшкөн шииттердин "Хезболла" тобунун партизандык күчтөрү 2000-жылы Израилдик аскерлерди Ливандан биротоло кубалап чыгуу менен аяктады.
Ад.: Харенберг Бодо. Хроника человечества. М., 1996.
А.Орозов.