АПЫРТАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПЫРТАН – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Масы айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 3 км түндүк-батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 48 км аралыкта. Деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте. Калкы 2 168 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет.