АППАЛАЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АППАЛАЧИ (Appalachian Mountains, индейлердин аппалачи уруусунун атынан) – Түндүк Американын чыгышындагы орто бийик тоолордун системасы. АКШ менен Канаданын аймактарында түндүк-чыгыштан түштү-батышты карай 2600 кмге созулуп жатат. Басымдуу бийиктиги 1300–1600 м, эң бийик жери – 2037 м (Митчелл чокусу). Кырка тоолордон, өрөөндөрдөн, платолордон, бөксө тоолордон турат. Түндүк Аппалачи каледон, түштүк Аппалачи герцин бүктөлүүлөрүндө пайда бол­гон. Аппалачинин түндүк жана түштүк-чыгыш бөлүгү кристаллданган, батыш жана түштүк-батышы негизи­нен чөкмө тоо тектерден (кумдук, доломит, акиташ) турат. Таш көмүр (Аппалачи көмүр бассейни), нефть жана күйүүчү газ, темир, титан, асбест кендери бар. Түндүк Аппалачи (Мохок жана Гудзон дарыяларынан түндүктө) – бийиктиги 400–600 м болгон күдүрлүү бөксө тоо. Андан чокулары жылма, капталдары жантайыңкы Адирондак (1628 м), Жашыл тоолор (1338 м), Ак тоолору (1916 м) жана массивдери көтөрүлүп жатат. Too массивдери тектоникалык өрөөндөр (кийин мөңгүнүн аракетинен төрлөргө айланган) менен бөлүнгөн. Түштүк Аппалачинин кыр зонасы тик көтөрүлгөн Көгүлтүр кырка тоосунан (эң бийик жери 2037 м, Митчелл чокусу), көптөгөн жарыш кырка тоолордон жана массивдерден турат. Алар бири-биринен эрозиядан пай­да болгон кенен өрөөндөр (Чоң өрөөн) жана чуңкурчактар менен бөлүнгөн. Кыр зонасына чыгыштан Пидмонт, батыштан Аппалачи платолору тутумдашат. Түндүгүндө ийне жалбырактуу жана аралаш токой, 41° түндүк кеңдиктен түштүктү карай тоо этектеринде жазы жалбырактуу токой (каш­тан, эмен, клён ж. б.). 1000 мден жогору аралаш жана ийне жалбырактуу токой өсөт.
Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. М., 1965; Физическая география материков и океанов. М., 1988.