АОРСТОР
Jump to navigation
Jump to search
АОРСТОР (гр. Aorsoi) – сармат урууларынын союзу (к. Сарматтар). Аорстор жөнүндө Страбон, Птолемей, Плиний жанa Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. Арстор алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. Б. з. ч. 2-кылымда Каспий деңизи менен Дондун түндүк жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. Аорстор жоокер, көчмөн эл болуп, негизинен малчылык менен кесиптенишкен жанa Закавказьенин, Боспор мамлекетинин жанa Орто Азиянын элдери менен соода жүргүзгөн. Б. з. 2-кылымында аландар башкарган сармат уруулар союзунун курамына кирген. Оренбург талаалары менен төмөнкү Волга боюнда б. з. ч. 4–2-кылымдардагы көрүстөндөр Аорсторго таандык делип жүрөт.