АНЫКТАЛБАГАН ИНТЕГРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНЫКТАЛБАГАН ИНТЕГРАЛ – белгилүү аймакта берилген f(x) функциясынын бардык F(x)+C түрүндөгү баштапкы функцияларынын жыйындысы. Ал ∫ f(x)dx символу менен белгиленет жанаf(x)dx=F(x)+C (1) түрүндө жазылат, мында ∫ – интеграл белгиси, f(x) интеграл астындагы функция, ∫ f(x)dx — интеграл астындагы туюнтма, F(x) функциясы f(x) функциясынын баштапкы функциясы, С – турактуу чоңдук. Баштапкы функциялардын ичинен кайсынысын алуу белгисиз (б. а. С аныкталбаган) болгондуктан жогорку (1) интеграл анын ичинде деп аталат. Интеграл астындагы туюнтманы f(x)dx=dF(x) түрүндө да жазууга болот (к. Интеграл, Интегралдык эсептөөлөр). Берилген функциянын А. и-ын аныктоо амалы дифференциалдоо амалына тескери болуп, ал интегралдоо деп аталат. Туундунун F '(x)=f(x) формуласынан (1) формула келип чыгат. Алсак,

.

Ад.: Бермант А. Ф., Арамонович И. Г. Краткий курс математического анализа. М., 1973; Кудрявцев'' Л. Д.. Математический анализ в двух томах. М., 1980.

Б. Э. Назаркулова.