АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ (антропо'... жана гр. kainos – жалпы, logos – окуу) – адамды өзгөчө биосоциалдык түр катары кароо менен анын ке­лип чыгуусун, эволюциясын, курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрүн аңдап билүү. Адамдын көбөйүшү, илимий техниканын өнүгүүсү менен курчап турган чөйрөгө терс таасирлер көбөйүүдө. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын эбегейсиз көп жана үнөмсүз пайдаланат. Андыктан, атмосфера, гидросфера, литосфера булганып, жаратылыш байлыктары улам азаюуда. Бирок, барган сайын «адамдын автотрофтуулугу» жогорулоодо.