АНТРОПОСФЕРА
Jump to navigation
Jump to search
АНТРОПОСФЕРА (антропе... жана гр. spera – кабык) – адамзатты индивиддердин жалпылыгы катары камтыган социалдык сферанын составдык бөлүгү. 1) адамзат жашаган жер сферасы; 2) бүгүнкү күндө жана келечекте адамдар тарабынан түздөн-түз же кыйыр түрдө өзгөртүлгөн,
өзгөртүлүүчү, өздөштүрүлүүчү жер жана жакынкы космос чөйрөсү; 3) адамдар тарабынан пайдалануучу биосферанын (географиялык, ландшафттык кабыкчанын) бөлүгү. Антропосфера социалдык сфера түшүнүгүнүн синоними.
Г. Т. Ботоканова.