АНТРОПОГЕНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОГЕНЕЗ (антропо... жана ... генез) – азыркы типтеги (Homo sapiens) адамдын келип чыгышы жөнүндөгү окуу. Ал приматология, эмбрио­логия, физиология, психология, геология, ар­хеология, этнография, тил ж. б. илимдерге таянып, сүт эмүүчүлөрдүн ичинен адамдын алган ордун, чыгуу тегин, адамды адам кылган факторлорду изилдейт. Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясы адамдын теги менен адам сындуу маймылдын өтө жакын экенин, алар биологиялык жагынан бир түргө кирерин далилдеген. Бул илим адам эволюциясын 3 чоң доорго бөлөт: 1) эң алгачкы адам тегинин өкүлдөрү болуп, адам түспөл маймылдар (антропоиддер) саналат. Алар мындан 2,5–3 млн жыл мурда жаныбарлардын сөөгүн курал-жарак катары пайдаланышкан. Булар илимде эки аяктуу приматтар деп аталган; 2) эволюциялык жол менен жетилгендердин катарына кирген архантроптор жана палеантроптор. Алар мындан 1 млн жыл мурда жашап, колго эмгек куралдарын жасай билген; азыркы кездеги адамдардын түрү – неантроптор калыптанган. Булар соңку палеолит доорунда, башкача айтканда 40–50 миң жыл мурда жашаган. Эң алгачкы приматтар тобуна австралопитектер кирет. Алардын сөөктөрү Түштүк жана Чыгыш Африкадан көп табылган. Маңдай бети, манжаларындагы муун сөөктөрүнүн саны, колкосунан чыгуучу артериянын тарамдануу түрү, өпкөсүнүн бөлүктөргө бөлүнүшү адамга окшош. Бирок булардын баары жөнөкөй гана окшоштуктар. Ошондуктан азыркы маймылдардын бири дагы адам теги болуп эсептелбейт. Автралопитектер мындан 4,5–1 млн жыл мурда жа­шаган. Аларды антропологдор Л. Лики, Р. Лики (Англия), Д. Джохансон, Т. Уайт (АКШ) ж. б. изилдеген. Байыркы адам тегинин бири – презинджантроптор болжол менен мындан 2 млн жыл мурда жашаган. Илимде алар «Homo habilis», башкача айтканда ишке жөндөмдүү адам деп аталат. Анткени, алар аз болсо да таштан, жыгачтан жасалган эмгек куралдарын пайдаланышкан. Адам тегинин кийинки өнүгүү стадиясына архантроп­тор кирет. Алардын сөөктөрү Азияда (питекан­троп, синантроп), Чыгыш жана Түштүк Африкада (атлантроп), Батыш Европада (гейдельберг петралона, араго, штейнгейм, сванскомб, вертешсёллеш ж. б. адамдары) табылган. Бул доордогу адамдар шелль жана алгачкы ашель маданияттарын жараткан. Алгачкы адамдардан палеоантроптор-неандерталь адамы, алардан азыркы адамдардын түпкү теги – кроманьон «акыл-эстүү адам» (неоантроптор) пайда болгон. Морфологиялык өзгөчөлүктөрү бүгүнкү адамдарга жакын. Антропогенездик изилдөөлөр акыл-эстүү адамдарда мурунку адам тектеринин кээ бир белгилеринин кайталануусун (рудимент, атавизм), эмбрионалдык, анатомиялык, биохимиялык, молекулярдык генетика, иммунология ж. б. окшоштуктарды, социалдык өзгөчөлүктөрдү (эмгек куралдарын жасоо, пайдалануу ж. б.) ар түрдүү тамак-аштарды даярдоо, отту пайдала­нуу, ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн ж. б. жагдайларды аныктады. Бул кезде жасалма турак жай пайда болуп, эмгек куралдары жакшырган. Социалдык биригүүгө жөндөмдүүлүк байкалган. Тилдин пайда болушу менен социалдык карым-катнаш жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Бардык адам баласынын биологиялык бир түргө биригүүсү (Homo Sapiens) калыптанган. Homo Sapiensтин тарыхы азыр да изилденип жатат. Кыргызстандын аймактарында алгачкы адамдардын тургун жай­лары Нарын өрөөнүндөгү Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдөгү Тосор суусунун боюнан, Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн, Чүй өрөөнүнөн, Кожо-Бакырган-Сай капчыгайы ж. б. жерлерден табылган таш куралдарынан улам байкалат.


Ад.: Дерягина М. А. Антропология. Эволюция и биология человека. М., 2012.
Ш. Керимова.