АНТРАХИНОН БОЁКТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТРАХИНОН БОКТОРУ – антрахинондун амин жанa оксибирикмелери. Химиялык жактан туруктуу, өңү ачык жанa жарыктын таасирине чыдамдуу. Түрдүү түстөгү амин - антрахинон боектору кеңири таралган. Амин тобундагы суутектин атомун арил же алкил тобуна алмаштыруудан Антрахинон боекторунун түсү кочкулданат; амин тобун ацилдөө боёкту ачык түскө алып келет жанa целлюлоза, белок, булаларын боёо жөндөмдүүлүгүн арттырат. Аминантрахинондор жанa анын туундулары дисперстик боёктор, ал эми сульфотоптору болсо кислоталык боёктор катарында колдонулат. Кээ бир N орун алмашкан 1,4-диамин антрахинондор - катиондук ж-a активдүү боёктор. 1,4-бис-ариламин-антрахинон жарыктын, суунун таасирине туруктуу, синтездик булаларды боёодо колдону­лат. Ал эми анын дисульфобирикмелери кислоталык боёк болуп эсептелинет. Жарыкка чыдам­дуу, оңбой турган пигменттер катары полиграфияда, боёк даярдоодо ж. б. пайдаланылат.