АНТОНОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТОНОВ Олег Константинович [25. 1 (7. 2).1906, азыркы Москва облусу, Подольск району, Троицы кыштагы – 4. 4.1984, Киев] – авиаконструктор, техника илимдеринин доктору, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966), УССР ИАнын академиги (1968), СССР ИАнын академиги (1981). Ленинграддагы Калинин атындагы политехникалык институтту бүтүргөн (1930). А. С. Яковлевдин конструктордук бюро бөлүмүндө (ОКБ) жетектөөчү инженер (1938-40), ошол эле бюродо башкы конструктордун 1-орун басары (1943- 46), башкы конструктор (1946), Киевдеги кайрадан уюштурулган авиация, конструктордук бюро бөлүмүнүн генералдык конструктору (1962-84). Антоновдун жетекчилиги менен Ан-8, Ан-12, Ан-22 («Антей»), Ан-32, Ан-72, Ан-124 («Руслан») транспорт самолёттору, көп максатта колдонулуучу Ан-2, Ан-14, Ан-28 самолёттору, Ан-10, Ан-24 жүргүнчүлөр самолёттору, планерлор, дельтапландар жасалган; транспорт самолётунун автоматташтырылган долбоорлоо системасын иштеп чыккан, авиакуруу ишинде желим менен кандап би-