АНТОНИМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТОНИМДЕР – карама-каршылыкты туюндуруучу номинациялык маани. Абсолюттук (өлүм – өмүр) жана салыштырмалуу карама-каршы (өйдө-төмөн, улуу-кичүү, ачуу- таттуу) маанидеги сөздөрдөн турат. Антонимдер семантикалык негизге караганда, реалдуу жашоо-турмуштагы карама-каршылыктардын өзүнөн келип чыгат. Мисалы, чоңдун чоңу, кичиненин кичинеси салыштырмалуу болот, ошондуктан, антонимдер тилдик атоо катары каршы мааниде колдонулат.