АНТИТОКСИНДЕР
Jump to navigation
Jump to search
АНТИТОКСИНДЕР (анти... жана ...токсиндер) - организмге кирген бактерия, жаныбар ууларына (токсинге) каршы пайда болуучу антителолор. Алар токсин (уу) менен айкалашып, аны жоюп жиберет (нейтралдайт). Жаратылышта организмге токсин киргенде же ага жасалма антитоксиндерди куйганда канда ошол гана ууга (токсинге) таандык антитоксиндер пайда болот. Ал медицинада тиешелүү инфекцияны (кептөөр, селейме, газ гангренасы, ботулизм) козгоочу микробдордун уусуна каршы, аны алдын алуу, дарылоодо кеңири колдонулат. Антитоксиндер бар кан сары суусу жылан, кара курт ж.б. уулуу жаныбарлардын уусун зыянсыздандыруу үчүн да куюлат. Ал жаныбарды (жылкыны) керек токсин же анатоксин менен бир нече жолу иммундаштырып, даярдалат.