АНТИГОНИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТИГОНИДДЕР – Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-жылдар). Александр Македонскийдин кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-жылдары бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-жылы бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-жылдарда башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-жылы Карфаген кол башчысы Ганнибал менен союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.