АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ (б. з. ч. 387-жыл) – Афины менен Фива жетектеген грек полистеринин коалициясы менен Спартанын ортосундагы тынчтык келишими. Келишим Коринф согушу (395–387) аяктагандан кийин түзүлгөн жана Спартанын өкүлчүлүгүнүн башчысы Анталкиддин аты менен аталган. Персия алгач Спартага каршы күрөшүп, кийинчерээк Спарта менен бирдикте Афиныга каршы союз түзгөн. Ошондуктан, негизинен Персия тарабынан таңууланган Анталкид тынчтыгы шарттары боюнча Грекия грек-перс согушунда (б. з. ч. 500–449-жылдар) жеңип алгандарынан ажыратылып, Кичи Азия шаарлары кайрадан Ахемениддер династиясынын карамагына өтөт. Анталкид тынчтыгы шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө Спартага тапшырылып, анын натыйжасында Грекияда Спартанын таасири жогорулаган. Бул келишим Грекияда саясий бытырандылыктын жана ич ара күрөштүн күчөшүнө алып келген. Анталкид тынчтыгынын тексти Ксенофонттун «Грек тарыхында» баяндалат.