АНТАБЛЕМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАБЛЕМЕНТ(фр. entablement) – горизонталдык төрт кырдуу устундар системасынын архитектуралык образын түзгөн ордердин жогорку бөлүгү.

Классикалык архитектуранын ордериндеги айрым бөлүктөр: архитрав, фриз жана карниз антаблементти түзөт. Бул бөлүктөрдүн бийиктик катыштары ар кайсы доорлордун ордерлери менен курулуштарында ар башка болгон. Көп учурда фриз бийиктиги боюнча архитравга барабар же андан бир аз бийик болот. Ал эми карниз фризге барабар же бир аз чоң болот. Антаблементтин бийиктиги жалпысынан колоннанын бийиктигине болжол менен 1х4дей тиешелүү.