АНОРТОЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНОРТОЗИТ (аты анортит минералынан келип чыккан) лабрадорит, олигоклизит, плагиоклазит – орто жана негиздүү плагиоклаздан турган, габбро тобундагы магма тоотеги. Анортозиттин курамында кошунду катарында пироксен, оливин, магнетит, титаномагнетит ж. б. болот. Өңү ак, боз, күңүрт кара, кээде көк жана көгүш келип, кубулуп турат. Анортозиттин кубулган түрлөрү эстелик жасоо жана имараттарды кооздоо үчүн пайдаланылат.



АНОФТАЛЬМ
АНОФТАЛЬМ (ап... жанагр. ophtalnios – көз) – бир же эки көздүн жоктугу. Ал көбүнчө көз оор майып болгондо же катуу оорудан кийин аны хирург, операция жолу менен алып таштаганда болот. Айрым учурда тубаса да болушу мүмкүн.