АНКИЛОСТОМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНКИЛОСТОМА (Ancylostoma duodenale) – анкилостоматиддер тукумундагы жумуру курттар. Адамдын он эки эли ичегисинде мителик кылат, ургаачысынын узундугу 8-18 мм, эркегиники - 10 мм. Ооз көңдөйүндө 4 тиши бар. Оозу менен ичегинин былжыр челине бекип, кан менен азыктанат. 4-5 жыл жашайт. Жумурткалары сүйрү, түзсүз жука чел кабык менен капталган. Уруктанган жумурткалар оорулуу адамдын заңы менен жерге түшүп, 30-32°Сде жана нымдуу жерде 1 суткадан кийин андан личинкалар чыгат. Алар заң ж. б. чириген органикалык заттар менен азыктанат. Личинка адам организмине булганган жер-жемиш, жашылчалар, суу аркылуу кирет. Денеге кирген личинкалар веналарга өтүп, жүрөккө барат, андан өпкөгө, кекиртек аркылуу кулкунга барып, шилекей менен жутулуп, он эки эли ичегиге түшүп, анда өсүп жетилет.