АНКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНКЕР (нем. аnker, түз мааниси – якорь) — омок – имарат, курулманын жана техниканын конструкциялык бөлүктөрүн бекитүүчү тетик. Курулуш тармагында көбүнчө арматурадан, бурамалардан бетондун тулкусуна орнотулуп атайын калтырылып коюлат да, кийинки жалгаштырыла турган конструкция үчүн бекиткич (омок). Арматурадан жасалганы ширетүү менен, бурама анкер буралмалар аркылуу жалгаштырылат; саатты жүргүзүүчү механизмдин якорго окшогон бөлүгү. Аны саат оңдогуч У. Клемент ойлоп чыгарган (1675). Саат жасоодо саат механизминин бир калыпта жүрүшүн камсыздайт; 3) айрым өлкөлөрдө негизинен шарап, суу ташууда пайдаланылуучу (көлөмү 16-50 л) идиш (челек).