АНГРЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНГРЕН – Өзбекстандагы шаар. Ташкент облусунун аймагында. Ахангаран дарыясынын жана Ташкент – Кокон автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. 1946-жылы ачылган Ангрен көмүр бассейнинин негизинде отурукташкан кыштактардын биригишинен пайда болгон. Калкы 127,7 миң (2010). Күрөң көмүр казып алуунун борбору. Көмүр-каолин комплексы, химия-металлургия, азот жер семирткичтери, резина техникалык буюмдарын өндүрүүчү заводдору, курулуш материалдар өнөр жай өндүрүшү, 2 ГРЭС, педагогикалык институт, тарых-край таянуу музейи бар. Шаарга жакын алтын кенин казып алуучу рудник иштейт. Ангстрем – метрдин он млрддан бир үлүшүнө барабар болгон системадан тышкаркы узундук бирдиги. Е тамгасы менен белгиленет. 1 Е =10−10 ж=0,1 нм. Швед физиги Ангстремдин урматына аталган. Ангрен физика жана химияда кенен колдонулуучу чоңдук.