АНГЛИЯ-БУР СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-БУР СОГУШУ – т ү ш т ү к а ф р и к а л ы к с о г у ш т а р (1899–1902) – Улуу Британиянын Түштүк Африка (Трансвааль) жана Эркин Оранжевая Бур республикаларына каршы согушу. Англия алтын кендерине бай Трансваалды каратууну жана Кейптаундан Каирге чейинки аймакка үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Бур республикаларында жашоочу англичан уитлендерге (Бур республикаларына келип отурукташкан колонистер) шайлоо укугун берүү жөнүндөгү Англиянын талабын Трансвааль президенти Крюгердин четке кагышы согуштун чыгышына шылтоо болгон. Бурлар (европалык – голландиялык, франциялык жана немец колониячыларынын тукумдары) куралдарынын, тактикасынын артыкчылыгы менен адегенде бир катар жеңишке жетишип, кийин баскынчыларга каршы партизан согушуна өткөн. 1900-жылы сан жагынан артыкчылык кылышкан англичандар Оранжевая республикасынын борбору Блумфонтейнди, ал эми июнда Трансваалдын борбордук Преторияны ээлешкен. 1902-жылы 31-майда Преторияда тынчтык келишими түзүлүп, ал боюнча Трансвааль жана Оранжевая республикалары Англиянын колониясына айланган. Англия Түштүк Африкадагы абалын бекемдөө максатында бурлар менен африкалыктарга каршы биримдик түзүү үчүн Түштүк Африка Союзун түзөт. 1910-жылы Бур республикаларынын жерлери Түштүк Африка Союзунун курамына кирген.