АНГЛИЯ-БИРМА СОГУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-БИРМА СОГУШТАРЫ – 19-кылымдагы Англиянын Бирманы каратып алуу үчүн жүргүзгөн баскынчылык согуштары. Биринчи Англия-Бирма согушунун (1824–26) жүрүшүндө англиялык Ост-Инд компаниясы Рангунду, Аракан жана Тенассерим аймактарын ээлеп, Бирманын борбор шаары Авыга кирген. 1826-жылы 24-февралда Бирмага Яндабо келишимин таңуулаган. Келишим боюнча Бирмадан Аракан, Тенассерим жана 19-кылымдын башында Бирма каратып алган Индиянын Ассам жана Манипур княздыктары тартып алынган, 1 млн фунт стерлинг өлчөмүндө контрибуция төлөөгө милдеттендирилген. Экинчи Англия-Бирма согуштары (1852) Ост-Инд компаниясынын мон, шан жана карен урууларынын көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Бирманын Пегу облусун кошуп алуусу менен аяктайт. Үчүнчү Англия-Бирма сошуштары (1885) Улуу Британиянын Бирманы толук багындыруусу менен аяктайт. 1886-жылы 1-январдагы манифест боюнча Бирма Англиянын ээлиги катары таанылып, өзүнчө провинция катары Индиянын курамына кошулат.