АНГЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ (England, Anglia) – Улуу Британиянын администрациялык-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу. Улуу Британия Англиянын көп бөлүгүн ээлейт. «Англия» деген ат көп учурда Улуу Британия мамлекетин билгизет. Аянты 131 миң км2. Калкы 59, 6 млн (2021). Англия 5–6-кылымдарда Британиянын аймагына көчүп келген герман уруусу- англдардын атынан аталып калган. Кээде «Англия» деп Улуу Британияны жана Түндүк Ирландияны да аташат. Улуу Британиянын аянтынын 54%, калкынын 83% Англияга туура келет. Англия администрациялык-аймактык жактан 46 графтыкка жана Чоң Лондонго бөлүнөт. Борбору – Лондон шаары. Улуу Британиядагы казылып алынган темир жана көмүр кенинин дээрлик баары Англиядан чыгат. Машина куруу, химия, тамак-аш (Лондон, Манчестер, Ливерпул), кара металлургия, оор машина (Шеффилд, Дерби), кеме (Ньюкасл, Мидлсборо) куруу, болот эритүү, металль иштетүү (Бирмингем), көмүр казып алуу, кездеме токуу (Брадфорд, Лидс) ж. б. өнөр жай тармактары өнүккөн. Айдоо аянттарында буудай, арпа, кант кызылчасы өстүрүлөт. Уй, кой, үй куштары багылат. Транспорттун бардык түрү өнүккөн. Ири порттору: Лондон, Ливерпул, Манчестер, Саутхемптон, Халл, Бристоль ж. б. Англиянын табияты, тарыхы, экономикасы, маданияты жөнүндө к. Улуу Британия.