АНАКСИМЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАКСИМЕН Милетский (б. з. ч. 585–524) – байыркы грек философу, милет мектебинин өкүлү, Анаксимандрдын окуучусу жана ишин улантуучусу. Астрономиялык көрүнүштөрдү изилдеген, аларды табигый түрдө түшүндүрүүгө аракет жасаган, ошондой эле дүйнөнүн негизине материянын белгилүү бир түрүн койгон. Ал чексиз,түгөнбөс, белгилүү бир түрдү ээлеген абаны мисалга келтирип жана аны жашоонун башталышы деп жарыялаган: Абадан баары пайда болот жана ага баары кайтып келет, абадан кийин гана калгандар пайда болот. Абанын пайда болушу оттун, андан кийин шамал-булуттар, суу, жер-таштардын пайда болушуна алып келет. Дүйнөнүн пайда болушу жана өнүгүшүнүн табигый түшүндүрүлүшүн Анаксимен Кудайдын келип чыгыш мамилесине дагы таратат. Ал «Баштапкы болуп чексиз абал эсептелет» – дейт. Милет мектебиндеги натурфилософиянын акыркы өкүлү катары дүйнөнү материалдык түшүндүрүүгө аракет кылган.
Ш. К. Алиева.