АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ – Түркиядагы күрөң көмүр кендери жаткан зор аймак. Аянты 30 миң км2дей. Анадолу бөксө тоосунун Альп бүктөлүү аймагында жайгашкан. Байыртадан белгилүү; мында 40тай кен ачылган. Көмүрдүн жалпы геологиялык запасы 3,8 млрд т. Кен негизинен (88%) ачык жол менен казылып алынат. Палеоген жана неогендин көмүрлүү чөкмө тек катмарларынын арасында өтө татаал түзүлүштөгү өнөр жайлык 5 кабат жатат. Палеоген кабаттарынын калыңдыгы 1,5–2,5 м, неогендики 5–20 м. Көмүрдүн нымдуулугу 40%, күлдүүлүгү 15–35%, жылуулук берүү энергиясы 12–20 МДж/кг көмүр электр энергиясын алууга пайдаланылат.