АММОСОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АММОСОВ Максим Кирович [(11. (23). 10. 1897, Россия империясы, Якутия, Нам областы, Хатыры айылы – 28. 7. 1938, СССР, Москва шаары)] – саясий жана мамлекеттик ишмер. 1915–18-жылдары Якутскидеги мугалимдер семинариясында, 1930–32-жылдары Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Якутияда Совет бийлигин орнотууга катышкан. 1921-жылы Якут ревкомунун төрагасы, 1922–23-жылдары РКП(б)нын Якут облустук бюросунун секретары, Москвадагы Якут өкүлчүлүгүнүн төрагасы, 1925-28-жылдары Якут АССР Эл Комиссарлар Советинин жана Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы, 1932–34-жылдары партиянын Батыш Казакстан обкомунун секретары, 1934–36-жылдары партиянын Караганды, 1936–37-жылдары Түндүк Казакстан обкомдорунун биринчи секретары. 1937-жылы 23-мартта чукул чакырылган республикалык Кеңештин 5-съездинде Кыргыз ССРнин Конституциясы кабыл алынып, М. К. Аммосов ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 1-секретарылыгына, ал эми 1937-жылы 5–16 июнда Фрунзе шаарында өткөн Кыргыз ССРнин КП (б) 1-съездинде Кыргызстан КП(б) БКнын 1-секретарылыгына шайланган. 1937-жылы16-ноябрда Фрунзе шаарында жазыксыз жерден камакка алынып, 28-июлда 1938-жылы Москва шаарында атылган. СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясы тарабынан 1956-жылы 28-апрелде акталган.