АМИНФЕНОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМИНФЕНОЛДОР, NHC6H4OH – кристалл түрүндөгү органикалык бирикмелер; молекулалык салмагы 109. NH2 жана ОН тобунун өз ара жайгашышына жараша 3 изомери бар: орто 174°С, мета 128°С, пара аминфенолдор. Абада о- жана п- аминфенолдордун изомерлери кычкылданып, кочкул күрөң түскө өтөт; м-изомери туруктуу. Алар амфотердүү касиетке ээ; кислоталар жана жегичтер менен туздарды пайда кылат. о- аминфенолдор кислотанын ангидриддери менен реакцияга кирип, гетероциклдүү бирикмеге өтөт. п-аминфенолдор күчтүү калыбына келтиргич, оңой кычкылданып, п-бензохинолду пайда кылат. Аминфенолдор метаминсульфокислотасынын Na тузунан, ошондой эле 4-хлор нитробензолду жегич менен басым астында ысытуудан алынат. Азобоёкторду алууда, сүрөт ишинде, тери боёодо колдонулат.