АМАНУЛЛА ХАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМАНУЛЛА ХАН [1. 6. 1892, Афганистан эмираты, Пагман – 25. 4. 1960, Швейцария, Цюрих, сөөгү Желал-Абадга (Афганистан) коюлган] – афган королу (1919–29). Улуу Британияга каршы Аманулла хан башында турган афган элинин боштондук күрөшү ийгиликке жетишип, 1919-жылы 28-февралда Афганистан көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. 1919-жылы РСФСР менен достук келишимин, 1926-жылы бейтараптык жана өз ара кол салышпоо жөнүндө СССР менен келишим түзгөн. Аманулла хандын реформалары улуттук экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүгө жана мамлекеттин көз каранды эместигин бекемдөөгө багытталган. Анын тушунда кулчулукка каршы, балакатка жетпей никелешүүгө, ошондой эле калың төлөп, аял алууга ж. б. тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Көптөгөн жаш афгандыктар билим алууга мамлекет тарабынан Европага жана Түркияга жиберилген. 1923-жылы Афганистандын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. 1928–29-жылдары Афганистанда Аманулла хандын реформаларына нааразы болгон мусулман дин башчылары козголоң уюштуруп, Аманулла хан чет жерге качууга аргасыз болгон.