АМАНБАЕВ Алдаберген

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМАНБАЕВ Алдаберген [1927, Талас облусу, Киров (азыркы Кара-Буура) району, Суулу-Маймак айылы – 1975, ошол эле жерде] – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген

АМАНБАЕВ 2 32.png

малчысы (1974). Эмгек жолун 1945-жылы Талас облусунун Киров районундагы «Россия» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1947- жылдан өмүрүнүн акырына чейин баш чабан болуп эмгектенген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1970-жылы ар жүз тубар койдон 155тен козу алып, чыгашасыз асыраган, ар койдон 5 кг жүн кыркып алган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени ж. б. ордендер менен сыйланган.